• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

БжМ факультетинде ИШЕМБИЛИК болуп өттү

2024-03-16 02:29:36 14

15.03.2024 ОшМУнун БжМ факультетинде “Сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот” аталышында коомдук тазалык иш-чарасы болуп өттү. Бул иш чаранын негизги максаты: 1. Факультеттин териториясын тазалоо; 2. Студенттерди тазалыкты сактоого үндөө; 3. Коомдук жайларга жана факультетке тиешелүү баардык эмеректерге аяр мамиле жасоону эскертүү менен тартипке чакыруу; Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын айланасын тазалап, ички аудиторияларды жууп иретке келтирүүгө баардык студенттер активдүү катышышты. Иш-чара өз максатына жетти. Студенттерибиздин окууларына ийгиликтерди каалайбыз!