• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

ОшМУнун БжМ факультетинде "БиМ таланттары 2024" аталышында Кыз-жигит сармерден болуп өттү

2024-03-20 06:01:09 32

18.03.2024 Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине жана 21-Март “Нооруз”күнүнө карата “БиМ ТАЛАНТТАРЫ 2024” аталышында “Бизнес жана менеджмент” факультетинин агай-эжекелеринин ортосунда КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕН болуп өттү. Бул иш чаранын негизги максаты: 1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо; 2. Маданий иш-чараларга болгон кызыгууну өнүктүрүү; 3. Окутуучулардын бири-бирине болгон байланышын чындоо; 4. Таланттуу окутуучуларды табуу жана алардын шык-жөндөмүн өстүрүү; 5. Нооруз майрамын жогорку деңгээлде тосуп алуу. Аталган иш-чарага ОшМУнун ректору, ф-м.и.д., профессор К.Г.Кожобеков баштаган жумушчу топ дагы күбөө болушту. КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕНдин жүрүшүндө макал-лакаптар, жаңылмачтар жагымдуу ырлар жана башка катылып жаткан таланттар агай-эжекелер тарабынан аткарылып жалпы көрөрмандарга тартууланып абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыктап айта турган болсок иш-чара өз максатына жетти. Баардык агай-эжекелердин иштерине ийгилик каалоо менен биргеликте, урматтуу агай-эжекелер талантыңыздар арта берсин демекчибиз. Кирип келе жаткан 21-март НООРУЗ майрамыңыздар кут болсун!!!