• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

ОшМУнун БжМ факультетинде спорттун ОРДО түрү боюнча ДЕКАНДЫН КУБОГУ болуп өттү

2024-03-20 06:19:22 11

18.03.2024 Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 21-Март “Нооруз” күнүнө карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктер (студенттер үчүн) ортосунда спорттун Ордо түрү боюнча ДЕКАНДЫН КУБОГУ болуп өттү. МЕЛДЕШТИН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТИ: 1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо; 2. Ордо оюнун пропагандалоо; 3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо; 4. Кыргыздын улуттук оюндарына болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо; 6. Студенттерди сергек жашоого үндөө; 7. БжМ факультетинин Ордо боюнча курама командасын аныктоо. Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти. Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты: 1. “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу” адистигинин студенттеринен куралган команда 1-орунду; 2. Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ адистигин студенттеринен куралган команда 2-орунду; 3. “Менеджмент” адистигинен түзүлгөн курама команда 3-орунду багындырышты. Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз. 21-март НООРУЗ майрамыңыздар кут болсун!!!