• Новости Бухгалтерский учет и экономический анализ

ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинде 3-Апрель - Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнө карата тегерек стол болуп өттү

2024-04-03 12:14:09 23

2024-жылдын 2-апрелинде «Бизнес жана менеджмент» факультетинин «Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ» кафедрасы тарабынан Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына жана 3-Апрель - Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнѳ карата «Статистика-социалдык өнүгүүнүн негизи» аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун катышуучулары: 1. КРынын Улуттук статистика комитетинин алдындагы статистикалык изилдөө жана квалификацияны жогорулатуу институтунун эксперттери Бектурганова Айжамал, Рыспекова чынара; 2.Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын бөлүм башчысы Султаналиева Толгонай, башкы адистер Жээнбекова Батма, Абдыллаева Калима, Субанова Гуласал; 3.Б.Осмонов атындагы ЖАМУдан э.и.д., профессор Садыралиев Жандаралы, э.и.к., доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович; 4. К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинен э.и.к., доцент Пулатова Гулнара; 5.М.Адышов атындагы Ош технологиялык университетинен э.и.к., доцент Хамзаева Айнура; 6.Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен улук окутуучу Калыбекова Гулнара; 7.Бизнес жана менеджмент факультетиндеги кафедра башчылар жана Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын эмгек жамааты катышышты. Тегерек столдун жүрүшүндө бир топ маселелер талкууланып, практик-адитер тарабынан сунуш-пикирлер айтылды. Мындан тышкары статистика предметин окутууда эмнелерге көнүл буруу керек экендигин жана азыркы заман талабына ылайык тематикаларды киргизүү керек экендигин сунушташты.