• Новости Бухгалтерский учет и экономический анализ

ОШМУНУН БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ 3-АПРЕЛЬ - БУХГАЛТЕРЛЕРДИН ЖАНА АУДИТОРЛОРДУН КЕСИПТИК КҮНҮНӨ КАРАТА "СТАТИСТИКА" ПРЕДМЕТИНЕН РЕГИОНАЛДЫК ОЛИМПИАДА БОЛУП ӨТТҮ

2024-04-03 13:12:46 23

02.04.2024-ж. Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесинин алкагында 3-Апрель - Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнѳ карата «Статистика» предметинен студенттер аралык регионалдык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Ош шаарынан 3 ЖОЖ, Жалал-Абад облусунан 2 ЖОЖ катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында дипломдор жана сертификаттар тапшырылды: 1-орун К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети - Эргешова Арууке 2-курстун студенти; 2-орун М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети – Авазбекова Самара 3-курстун студенти; 3-орун Б.Омонов атындагы Жала-Абад мамлекеттик университети – Шакиржанова Айзат 3-орун Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – Мамадали кызы Мыскал ээлешти. Белгилей кетсек Ош мамлекеттик университетинин студенттери конкурстан сырткары өз-күчтөрүн сынап көрүштү. Олимпиадага катышкан баардык студент досторго, студенттерди жетектеп келген профессордук-окутуучулук курамга жана Мамлекеттик статистика башкармалыгынын эксперттерине, адистерине ыраазычылык билдиребиз, иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Урматтоо менен ОшМУнун “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын эмгек жамааты.