КР УИА мүчө корреспонденти, э.и.д., профессор П.КУПУЕВДИН КУБОГУ.

2024-04-05 17:11:18 14

2024-жылдын 18-мартында Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 21-Март “Нооруз” күнүнө карата БжМ факультетинин студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун ШАХМАТ жана ТОГУЗ КОРГООЛ түрү боюнча БжМ факультетинин «Мыкты шахматчысы», «Мыкты тогуз коргоолчусу» наамы үчүн КР УИА мүчө корреспонденти, э.и.д., профессор П.КУПУЕВДИН КУБОГУ уюштурулду. Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу өтүп жыйынтыгында «Шахмат жана тогуз коргоол» оюндары боюнча «Менеджмент» багытынын 3-курсунун МТ(б)-1-21 тайпасынын студенти Байыш уулу Ырысбек спорттун “Тогуз коргоол” түрү боюнча 1-орунду ээлесе, ал эми «Бизнести башкаруу» багытынын 1-курсунун УБ(б)-1-23 тайпасынын студенти Ыдырыс уулу Жакшылык спорттун «Шахмат» түрү боюнча 1-орунду алып, 1-даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден соолук каалайбыз