• Новости Государственное муниципальное управление

23-июнь Мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата "Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жумушка орношуунун көйгөйлөрү" аталышындагы төгөрөк стол өткөрүлдү.

2017-06-17 12:00:18 123

23-июнь Мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата Бизнес жана менеджмент факультетинде "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" кафедрасы тарабынан "Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жумушка орношуунун көйгөйлөрү" аталышындагы төгөрөк стол өткөрүлдү.Төгөрөк столго БжМ факультетинин деканы М.Б. Убайдуллаев, Кыргыз Республикасынын Түштүк аймактык өкүлүчүлүгүнүн жетекчиси Аккозуев Алмаз, Насирдин Исанов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Топчубаев Абдыманап, Кыргыз Республикасынын Түштүк аймактык өкүлүчүлүгүнүн башкы адиси Осмонали уулу Каныбек, ошондой эле МжМБ кафедрасынын профессордук окутуучулук жамааты жана бүтүрүүчү курстун студенттери катышып аталган темада кызуу талкуу жүрдү.