• Новости Экономика и управление на предприятии

Бизнес жана менеджмент факультетинде бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен кезектеги жолугушуу болуп өттү

2018-04-07 12:14:15 163

2018-жылдын 6-апрель күнү Бизнес жана менеджмент факультетинде бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен кезектеги жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга бизнес, банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ишкерлер жана кафедранын бүтүрүүчүлөрү келип, окуу жайга болгон кызыгууларын билдиришти. Ар тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында кызыктар тараптар факультетибиздин деканы э.и.д., профессор Убайдуллаев М.Б., "Ишканалардын экономикасы жана бизнести башкаруу" кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Тайлабек уулу Т. жана кафедранын жамаатына билим берүүгө кайдыгер карабастан жүргүзүлүп жаткан демилгелүү иш аракеттерине ыраазычылыктарын билдиришти.