“Пркатиканын иш планын талкулоо” деген темада талкуу 2017 – жылдын 15 декабрында болуп өттү.

2018-04-10 16:31:40 149

Бизнес жана менеджмент факультетинин “Экономика жана салыктар” кафедрасынын башчысы доцент М. Борбодоевдин жетекчилиги менен “Пркатиканын иш планын талкулоо” деген темада талкуу 2017 – жылдын 15 декабрында болуп өттү. Бул иш-чарага ар кандай ишканалардын өкүлдөрү жана кафедранын профессордук – окутуучулар курамы, «Салык жана салык салуу» адистигинин студенттери катышты: 1. Бизнес жана менендмент факультетинин деканы проф.–Убайдуллаев М. 2. Ош шаардык салык кызматынын атайын салыктар режимдер боюнча сектор башчысы – Абдырай уулу Асылбек. 3. Ош шаардык салык кызматынын ККМ онлайн боюнча адиси-АбдуллаевТ 4. Ош шаардык салыкты текшерүү бөлүмүнүн адиси – Шайназаров К. 5. “Аю Гарант” ААК Ош шаарындагы фил. жетекчиси – Рахматилла уулу Нурланбек 6. Бизнес жана менеджмент факультетинин практика боюнча жоопту – доцент Токторов К. 7. “Финансы жана кредит” кафедрасынын практика боюнча жоопту ага окутуучу – Исманалиев К. “Пркатиканын иш планын талкулоодо” иш берүүчүлөр студенттерди практика учурунда кээ бир бөлүмдөр боюнча чектелип калуусуна өздөрүнүн ой пикирлерин беришти. Башкача айтканда практика учурунда өз ара келишимдин негизинде, студенттер практикаларын өтөөсүндө кеңири маалымат алууга, теориялык билимди практика менен айкалыштырууда шарт түзүлүшүнө эки тараптуу биргелешип иштөөсүн талап кылышты. Ошондой эле практика учурунда студенттер практикасын тапшырууда иш кагаздарынын көптүүгүнө токтолуп негизги басымды күндөлүккө көбүрөк күңүл буруу керектигине токтолуу менен практиканын эффективдүүлүгүн жогорултууга шарт түзүүлөрүн сунуштап чечим кабыл алышты.