2018-09-01 19:13:31 168
2018-жылдын 1-сентябрында Ош мамлекеттик университинин Бизнес жана менеджмент факультетинде Билим майрамы салтанаттуу белгиленди. Салтанаттуу иш чаранын ачылышы Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып, андан соң Ош мамлекеттик университетинин илим иштери боюнча проректор, т.и.д., профессор Кенжаев И.Г. куттуктоо сөзү менен баштады. Студенттерди жана факультеттин профессордук-окутуучулук курамын аталган факультеттин деканы, э.и.д., профессор Убайдуллаев М.Б. жана кафедра башчылары да куттуктап, ийгиликтерди каалашты.