• Новости Экономика и управление на предприятии

Бизнес жана менеджмент факультетинде 1-жардам көрсөтүү тренинги болуп өттү

2018-09-25 10:33:14 139

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Бизнес жана менеджмент факультетине Кыргызстан Кызыл Жарым ай коомунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн биринчи жардам көрсөтүү боюнча машыктыруучу Глебова Галина Викторовна Ишканалардын экономикасы жана бизнести башкаруу кафедрасынын студенттери үчүн 1-жардам көрсөтүү боюнча атайын тренинг өттү. Анда студенттер жабырлануучуга тез жардам келгенге чейинки көрсөтүлүүчү жардамдын тартиптери менен кеңири таанышып, ар кандай кырдаалдарда өзүн кантип алып жүрүүнү, коопсуздук эрежелерин кантип сактоону үйрөнүштү. Кыргызстан Кызыл Жарым ай коомунун Оштогу өкүлчүлүгүнө кызматташтык үчүн кафедранын профессордук-окуутуучулук курамы жана студенттери терең ыраазычылык билдирет.