• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

Бизнес жана менеджмент факультетинде магистранттарды кабыл алуу аземи болуп отту

2018-11-25 20:54:23 173

2018-жылдын 23-ноябрь күнү Бизнес жана менеджмент факультетинде Ош мамлекеттик университетинин магистратурасына 1-курска кабыл алуу аземи болуп өттү. Бул салтанаттуу кечеге ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору техн.и.д., профессор И. Г. Кенжаев, ОшМУнун магистратура жана PhD докторонтура бөлүмүнүн жетекчиси биол.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева жана ошондой эле стейкхолдерлер келишип магистранттарга каалоолорун айтышып, талыкпаган эмгектин артынан ийгиликке жетүүлөрүн белгилеп өтүштү. Аземдин жүрүшүндө магистранттардын чыгармачылыктары көрсөтүлүп, ырчы, бийчи жана "Бизнес жана менеджмент" факультетинин "УМБ" тамашоу курама командасынын коштоосунда болуп өттү. ОшМУнун 1-курсунун магистранттарына салтанатту түрдө зачеттук китепчелери тапшырылган соң, магистранттар илимдин ийизине түшүп талыкпай эмгек кылаарына ант беришти. Аземдин аягында, салтка айланып калган "Билимдин ачкычы" символун салтанаттуу түрдө юридика факультетине тапшырылды.