• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

Ош мамлекеттик университетинин биринчилиги старт алды

2018-12-12 21:35:10 167

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында кичи футбол боюнча факультеттер аралык университеттин чемпионаты старт алды. Биринчиликте университеттин 15 факультети жана 3 колледжи ат салышып, 2019-жылдын июнь айына чейин уланат. Иш чаранын уюштуруучулары "Бизнес жана менеджмент" факультети менен ОшМУнун факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы. Биринчиликтин ачылуу аземине ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору техн.и.д., профессор И. Г. Кенжаев жана "БиМ" факультетинин деканы э.и.д., профессор М.Б. Убайдуллаев келишип катышуучулардын так жана тартиптүү оюн көрсөтүүлөрүн белгилөө менен биргеликте катышуучуларга ийгилик каалап өтүштү. Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар арасындагы мындай спорттук иш чара биринчи жолу уюштурулууда.