Международные связи

КАФЕДРАНЫН ЭЛ АРАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНУН 2022-2023жж. ИШ ПЛАНЫ

Иш-чаралар

Аткаруу Ммөнөтү

жооптуу

1.

Эл аралык кызматташтык боюнча иш-чаралардын планын кафедрада бекитүү

сентябрь

Максытова Б.Т.

2.

Учурдагы кызматташуу келишимдеринин алкагында өнөктөш ЖОЖдор менен кызматташууну активдештирүү

Жыл ичинде

Кафедра

3.

Илимий долбоорлорго катышуу

эл аралык, мамалекеттик, университеттер жана институттар аралык келишимдер боюнча өнөктөштүк иш-чаралар (тема, өнөктөш, жетекчилик, жыйынтыктар)

Жыл ичинде

Кафедра

4.

Эл аралык кызматташтыктын алкагында илимий конференцияларды, тегерек столдорду өткөрүү

Жыл ичинде

Кафедра

5.

2022-2023-жылдарга эл аралык масштабда басма ишинин учурдагы анализи

Жыл ичинде

Кафедра

6.

Окуучулардын эл аралык олимпиадаларга катышуусу

Жыл ичинде

Кафедра

7.

Адистиктеги студенттердин жана профессордук-окутуучу курамынын мобилдүүлүгү

Жыл ичинде

Кафедра

8.

Отчет 2022-2023жж.

июнь

Максытова Б.Т.

ФИНАНСЫ ЖАНА БАНКТЫК ИШ КАФЕДРАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Кафедранын келечектүү багыттарынын бири болуп: эл аралык ишмердүүлүгү, чет өлкөлүк университеттер менен илимий байланыштарды түзүү болуп саналат.

Эл аралык ишмердүүлүк боюнча кафедранын алдында турган милдеттери:

• чет мамлекеттердин университеттери тарабынан биргелешкен илимий долбоорлорду иштеп чыгуу

• окуу-методикалык материалдарды биргелешип иштеп чыгуу жана басып чыгаруу;

• бакалаврларды, магистрлерди жана PhD докторлорун даярдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу;

• эл аралык илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;

• илимий эмгектерин чет өлкөлүк жыйнактарда жана журналдарда жарыялоо.

ФИНАНСЫ ЖАНА БАНКТЫК ИШ КАФЕДРАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА 2018-2022 ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ МААЛЫМАТ

Кафедрасы илимий уюмдар, окуу жайлары жана билим берүү органдары менен кызматташууга чоң көңүл бурат. Эл аралык иштеринде да, уюштуруучулук, методикалык жана тарбиялык иштерде да биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлөт.Кафедра төмөнкү университеттер жана уюмдар менен кызматаштыкта:

• АНО «Институт научных коммуникаций» менен эл аралык илимий кызматташтык боюнча келишим түзүлдү

· Урал мамлекеттик экономикалык университети эл аралык илимий кызматташтык боюнча келишим түзүлдү

· Туран университети (Казакстан) менен эл аралык илимий кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

• Т.Рыскулов (Казакстан) Казак экономикалык университети менен эл аралык илимий кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

· Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

Ошондой эле, кафедра КРСУ, «Ататүрк-Алатоо» Кыргыз-Түрк университети, Туризм академиясы, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы, ЖОЖдору менен кызматташат. , Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, БМУ, МУК, Ж.Баласагын атындагы КУУ жана башка көптөгөн окутуучулар тажрыйба алмашуу үчүн университеттер аралык конференцияларга, тегерек столдорго катышып келишет.

Биргелешкен эл аралык конференцияларды, вебинарларды өткөрүү, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу үчүн конок лекцияларын жана стажировкаларды алмашуу, RSCI жана Scopus менен басылмаларда жарыялоо ж.б.

Кафедранын доценти Исманалиев К.И. 27.09.2022 Өзбек Респуликасынын Наманган шаарындагы Наманган инженер-куруучулук институту тарабынан уюштурган «Актуальные вопросы развития экономикиНового Узбекистана» Эл аралык илимий конференцияга ийгиликтуу катышып келеген.

2022 жылдын 25-30 апрелинде Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн Евразиялык экономикалык жаштар форуму ийгиликтүү катышып келген.

Кафедра башчысы Ч,Р, Кулуева Түркия Республикасы, Алания шаарында, 2021-жылы Эл аралык илимий-практикалык конференцияга үзүрлүү катышып келген.

23.04. -26.04.2021 ж. кафедранын окутуучусу Пайысбекова К. Өзбек Респуликасынын Ташкент шаарындагы Ташкент Мамлекеттик Экономикалык Университетине тажрыйба алмашып,конок лекцияларды отуп келди.

.Бүгүнкү күндө эл аралык уюмдурдын колдоосу менен ( Deutsche Gesellschaft fur Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын долбоорунун (2019 -2022жж.) негизинде кафедранын мугалимдери «Финансалык сабаттулук» долбоору боюнча туштук жергесинде тренингтерди отушуудо.

Кафедранын доценти Исманалиев К.И. 2018 жылы 9 декабрда Өзбек Респуликасынын Ташкент шаарында Ташкент Мамлекеттик Экономикалык Университети тарабынан уюштурган Эл аралык илимий конференцияга ийгиликтуу катышып келеген.

03.09.-09.09. 2018 жылы кафедранын доценти Максытова Б.Т. Россия, Москвадагы Жогорку экономикалык мектеп (Центр исследований гражданского общества и некоммерческого сектора НИУ Высшая школа экономики) тарабынан уюштурган жайкы мектепке: «Адаптация современных подходов к менеджменту НКО и повышение развития третьего сектора» катышып, мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк алган.

Кафедранын ага окутуучусу,э.и.к. Токоева А. 2018 жылы октябрь айынды Таджикистан Республикасынын Экономика жана финансы институтунда тышкы мобилдуулук боюнча барып келди.