Достижения кафедры

580200 “Менеджмент” багыты боюнча билим берүү программасынын билим берүү программасынын мазмунуна, окуу процессине өзгөртүүлөрдү киргизүү, сапаттын кепилдигин камсыз кылуу максатында билим берүү программасынын бардык кызыктар тараптарына “Менеджмент жана маркетинг” кафедрасы тарабынан жыл сайын сурамжылоо жүргүлүп, тегерек столдор, семинарлар уюштурулду. Анын натыйжасында берилген сунуштар кафедранын отурмунда каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып жана ал чечимдердин натыйжасында окутуунун натыйжаларына жетүү үчүн окуу процессине жана программаларга өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан сырткары жумуш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр конок лекцияларга келип, өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн бөлүшүшөт. “Билим берүү программасынын өнүгүү стратегиясына” ылайык практикага багытталган окутуунун ыкмаларын жана технологияларын киргизүү (жумуш ордунда окутуу, ишканалардын профессионалдык ишмердүүлүгүнүн контексинде окутуу) максатында студенттерди ишканаларга алып чыгып окутулууда.

Сапаттын тышкы кепилдигин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан уюштурулган рейтингде өлкөнүн 25тен ашык жогорку окуу жайларынын 174 бакалавр (специалитет) жана 46 магистратура программалары катышып келүүдө. Бул рейтингде 580200 “Менеджмент” бакалавр багыты боюнча билим берүү программасы дагы жыл сайын катышып, 2019-жылы 2-орунду ( https://iaar.agency/rating/8/0/2019 ), 2021-жылы 1-орунду ( https://iaar.agency/rating/8/0/2021 ), 2022-жылы 2-орунду ( https://iaar.agency/rating/8/0/2022 ) камсыз кылган.

Ал эми бул рейтингде 580200 “Менеджмент” магистратура багыты боюнча билим берүү программасы дагы жыл сайын катышып, 2019-жылы 2-орунду ( https://iaar.agency/rating/8/0/2019 ), 2020-жылы 3-орунду ( https://iaar.agency/rating/8/0/2020 ), 2021-жылы 1-орунду ( https://iaar.agency/rating/8/0/2021 ), 2022-жылы 1-орунду ( https://iaar.agency/rating/8/0/2022 ) камсыз кылган.