Билимдүү инсанды калыптандыруу: жаамат менен иштеше ала турган, мамлекеттик жана официалдуу тилдерде эркин сүйлөй алган, ошондой эле ишмердүүлүк чөйрөсүндө чет тилинде баарлаша алган инсанды калыптандыруу.
Инсандагы сапаттарды тарбиялоо: студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн, жалпы маданий өнүгүүсүн жана социалдык мобилдүүлүгүн өркүндөтүүчү максаттуулук, уюшумдуулук, эмгекти сүйүү, жоопкерчиликтүү, тырышчаак жана чыдамкай сапаттарга тарбиялоо.
Бизнес-информатика бакалаврларын даярдоо: мекеме уюмдардын экономикалык ар кандай багыттагы ишмердүүлүгүн автоматташтыруу жана башкаруунун оптималдуу чечимдерин алуу үчүн информациялык системаларды долборлоого, иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө байланышкан практикалык жумуштарды ийгиликтүү жүзөгө ашыра алгандай математикалык моделдештирүү, экономика, менеджмент жана IT чөйрөсүндө терең теориялык билимдерге жана бекем практикалык көндүмдөргө ээ болгон адистерди даярдоо.