Внутренняя - внешняя мобильность

ФАКУЛЬТЕТ БИЗНЕС И МЕНЕДЖМЕНТ

КАФЕДРА "БИЗНЕС ИНФОРМАТИКА И МАТЕМАТИКА В ЭКОНОМИКЕ"

Наш девиз: "Обеспечить уход за самопознание родины защищены"

ОшМУнун БиМ факультетин ин ички жана сырткы мобилдүүлүгү боюнча маалымат

1. 2015- жылы кабыл алынган “Ош декларациясында” ОшМУ төмөндөгү университеттер менен академиялык кыймыл боюнча келишимге кол коюшкан. Алар: БГУ,КТУ, КРСУ, АУЦА, Манас, КУУ, КЭУ, Нарын МУ, Ысык- Көл МУ,БатМУ, ЖАГУ, ОГПИ, ТаласМУ.

  • Академиялык мобилдүүлүк : Түрдүү иш аракеттер менен бирдикте жогорку окуу жайлардын жетекчилери андагы окутуучу кадрлардын ( профессор- окутуучулук курамын), студенттердин тажрыйба алмашууларын көздөйт.
  • Академиялык мобилдүүлүктүн максаты: Университетке жаңы акыл көчүн алып келүү жана университетте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен аны күчтөндүрүү.

Факультеттин студенттери академиялык мобилдүүлүккө алардын каалоосуна жараша тартылат. Академиялык мобилдүүлүккө катышкан студенттер ал ЖОЖга баруусу, келүүсү, жатакана жана тамактанууга кеткен чыгымдарды өз чөнтөгүнөн каржылайт. Эгерде ЖОЖдын жатакана берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, бекер жашоого мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Окуу үчүн төлөнүүчү контракттык төлөмдү ОшМУнун эсебине төлөйт.

2. Туркиянын академиялык мобилдүүлүк боюнча “Мевлана” программасына 2-3- курстар катыша алышат. Жыл сайын кабыл алуу февраль- март айларында жүргүзүлөт. Кабыл алынган студенттер 1семестр, 2 семестр гана окуп келсе болот. Программага катышкан студенттер түрк тилин билүүсү жана орточо баасы(GPA) 3төн жогору болуусу шарт. Туркиянын ЖОЖна чейин баруу жол киресин студент өз чөнтөгүнөн төлөйт. Университет жатакана менен камсыз кылат. Университет студентке ай сайын 200 доллардан төлөп берет. Жатаканага, тамак ашка, жол киреге 200 доллардын эсебинен камсыз кылат. Бакалаврга чейинки жана бакалавр программаларынын даярдоо курсу жана биринчи курста окуган студенттер “Мевлана” программасын пайдалана алышпайт.

Программага кантип катышууга болот

Студенттер https://mevlana.yok.gov.tr интернет адресиндеги керектүү формаларды толтуруп, факультеттин эл аралык байланыш боюнча декандын орун басарына тапшырасыздар.

Контрактык төлөм: ОшМУ окуу жылынын башында көрсөткөн сумма ОшМУнун эсебине төлөнөт.

3. Eвросоюздун академиялык мобилдүүлүк боюнча “Эрасмус+” прграммасына 2-3- курстар катыша алышат. Жыл сайын кабыл алуу сентябрдын аяк ченинде уюштурулат. Студенттин англис тилин жакшы билүүсү кажет жана орточо баасы(GPA) 3төн жогору болуусу шарт. Документтерди даярдоо, жатаканасы, тамак ашы жол кире студенттин өз чөнтөгүнөн чыгымдалат. Кабыл алынган студентке 800 евродон ай сайын төлөп беришет.

4. Казакстандын Нархоз, АРГУ, ТАРГПУ менен ОшМУ академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзгөн. Ар бир семестрдин аягында кабыл алуу уюштурулат.Программага кабыл алынган студенттер окуу үчүн төлөнүүчү контрактты ОшМУнун эсебине төгүшөт. Документтерди даярдоого, жол киреге студент өз чөнтөгүнөн каржылайт . Стипендия төлөнбөйт. ( Нархоз университетинин жатаканасына ай сайын төлөп жашайт ал эми калган университеттердин жатаканасында бекер жашайт).

5. Өзбекстандын Андижан Мамлекеттик Университети менен ОшМУ академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимге кол коюшкан. Окуу үчүн төлөнүүчү контракт ОшМУ окуу жылынын башында көрсөткөн контракттык сумма ОшМУнун эсебине төлөнөт. Жол кире чыгымдарын студент өзү төлөйт. Кабыл алынган студент жатаканада бекер жашайт. Стипендия төлөнбөйт.

6. Ахмед Ясави атындагы Казак- Түрк университетинде жайкы мектеп уюштурулат. Жүрүү убактысы 2,5 жумага пландаштырылган. Жол кире студенттен чыгымдалат. Окууну, жатакана жана тамак ашты университет өзү көтөрөт.

Эгерде суролор болсо Эл аралык байланыш боюнча декандын орун басарына жолуккула (3- кабат 301-кабинет).

Кафедранын мучолору такай оздорунун илимий-педагогикалык денгээлин жана квалификациясын жогорулатуунун устунон иштешет, ар кандай эл аралык конференцияларга катышышат. Мисалы, доцент Асанов А.А. Германия, АКШ, Туркия сыяктуу мамлекеттерде; Исмаилова К.Дж., Мамытов А.О. Меблана программасы боюнча Турцияда; Алимова Г.Б., Эрмекбаева А.Т. Кипрде; Султанова С.В. Берлинде; Омонов Т.А., Оморов Ш.О. Кытай сыяктуу мамлекеттерде болуп кайтышты. Бекешов Т.О., Талиев А.А., Чоюбеков С.М., Ош, Жалалабат, Ысык-Кол, Бишкек жана Алматы шаарларында откорулгон эл аралык конференцияларга катышышкан.

Бекешов Т.О. – 01.01.02. «Дифференциалдык тендемелер жана оптималдык башкаруу» адистиги боюнча кандидаттык диссертацияны жактоо боюнча диссертациялык кенештин (КА 01.К.12.014) мучосу; «Обочо чекитке ээ болгон дифференциалдык тендемелердин чечимдеринин асимптотикалык журумун изилдоо жана техникалык маселелерде колдонулушу» темасы боюнча ГАНИС проектисинин катышуучусу.

Исмаилова К.Дж. – 14.09.12. куну экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жана Талиев А.А. - 30.06.15. куну физика-математика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргошту. Чоюбеков С.М., Мамытов А.О., Золотарева Т.А., Турсунов Э.А. аспирантураны аякташкан; Эрмекбаева А.Т., Омонов Т.А. аспиранттар; Алимова Г.Б., Мурзараимов К.К., Ысакова М.Ш., Оморов Ш. магистранттар; Султанова С.В., Абдыкадыров С.К. изденуучу болуп саналышат.